www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын авиация жана космос агенттиги (НАСА) бүгүнкү күнгө чейин Күн системасынын сыртында 5 миңден ашык планета табылганын жарыялады.

НАСАнын билдирүүсүндө Экзопланета архивине жакында кошулган 65 планета менен бирге «экзопланеталардын» саны 5 миңден ашканы кабарланды. 

НАСАнын Экзопланета илими институтунун изилдөөчүсү Жесси Кристиансен: "Бул жөн эле сан эмес. Ар бири жаңы дүйнө, жаңы планета. Мен ар бири үчүн толкунданып турам, анткени биз алар жөнүндө эч нерсе билбейбиз",-деди. 

Ырасталган экзопланеталардын 30% газ гиганттарынан турат. Бул класска Юпитер же Сатурн сыяктуу газдан турган планеталар кирет.

Күн системасынын тышында, башка жылдыздардын орбиталарындагы планеталар экзопланеталар деп аталат.

Последние новости