www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын деректиринин орун басары Дастан Усубакунов бүгүн журналисттерге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык негиздемеси быйыл иштелип чыгат деп билдирди. Долбоор 1996 жылдан бери талкууланып келет, андан бери техникалык негиздеме 2 жолу – 2002чи жана 2012-жылдары даярдалган, аны дагы бир жолу жаңылап коюу – оңой эле нерсе.

Отуз жыл ичинде Кыргызстан өз аймагында бир да метр темир жол кура алган жок жана анын түндүгүндөгү жолдор эмгиче «Казак темир жолунун» бөлүгү болуп эсептелет. Бишкек менен Балыкчы ортосундагы темир жол дагы эмгиче жакшылыктуу иштебейт, поезддер көп болгондо, Кант менен Токмок жана Балыкчы тургундарынын турмушу бир топ оңолмок.

Маселе – биз темир жолду көп деле каалабайбыз жана түшүнбөйбүз, анын кенендигин өзгөрткөндөн болсо коркобуз – ан үчүн Орусиянын уруксаты керек. Дөнгөлөктөрдү алмаштыруу түйүнүн Торугарт же Эркештамда куруу Кытай үчүн пайдалуу эмес, андай түйүн Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында курулса, анда өлкөдө эки башка система пайда болот жана аны менен ансыз деле араң жаны бар темир жол системасы таптакыр талкаланып кетиши мүмкүн.

Последние новости