www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Наталья Никитенко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев берген пресс-конференция боюнча жеке пикирин билдирди.

"Абдан тажрыйбалуу саясатчынын мындай билдирүү жасаганы өтө кейиштүү. Элди, жалпы маалымат каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуп-үркүтүүгө алуу азыркы заманда жана биздин өлкөдө абсолюттук түрдө майнапсыз аракет. Башкалар көп ирет аракет кылган. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, анын бир туугандары жана уулдары, Атамбаев менен Жээнбеков бардыгы эсинде. Бардыгы биздин эсибизде!"

"Эркиндик, анын ичинде сөз эркиндиги, бул биздин элибиздин генетикалык коду - бул биздин пайдубалыбыз. Айрым саясатчылар бизди 30 жылда эч нерсеге жеткен жок деп айтып жатышат. Бирок мен макул эмесмин. Биз көкүрөгүбүз менен кере-кере, эркин дем алып көнгөнбүз. Эч ким, бизден бул укугубузду тартып ала албайт!", - деп депутат социалдык баракчасына жазган.

Эске салсак, бир күн мурун, 8-июлда, Ташиев пресс-конференция берген. Ал Садыр Жапаровду иинтернетте жамандап жаткандардын бардыгы "эске алынып, каттоого тургузулуп жатат" учуру келгенде жоопко тартылат, деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости