www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган эл аралык жыйын өтөт.

Расмий Ташкенттин маалыматына караганда, 15-16-июлда өтө турган жыйын президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулууда. Негизги максаты — Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тарыхый достук байланыштарды, ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө.

Иш-чарага Өзбекстан менен Ооганстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү катышат. Эл аралык жана аймактык, дүйнөлүк каржы уюмдарынын, изилдөөчү жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү келери күтүлүүдө.

Алар аймактык байланыштарды өнүктүрүүнүн алкагында соода-экономикалык, транспорт-байланыш жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости