www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери келерки аптада Орусиянын Украинага кол салуусунан улам окуяларга баа берүү үчүн кезексиз жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.
Маалыматка караганда, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны 16-мартта теле-конференция аркылуу өтөт.
Белгилей кетсек, Батыш өлкөлөрү менен Москванын ортосундагы чыңалуунун күчөшү жана андан кийин Орусиянын Украинага кол салуусунун себебинен НАТО акыркы жумаларда ар түрдүү деңгээлдеги жыйындарды өткөргөн болчу.
16-17-февралда НАТОнун штаб-квартирасында өткөн коргоо министрлеринин жыйынынан кийин, 25-февралда видео-конференция аркылуу НАТОнун лидерлеринин саммити болгон.
Акыркы жолу 4-мартта НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Бельгиянын борбору Брюсселдеги штаб-квартирасына чогулушкан.
Булак: NazarNews.kg