www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО Украинадагы согуш качан бүтөөрүн айтты

НАТОнун баш катчысы Украинада согуш жылдарга созулуп кетиши мүмкүн экенин эскертип, өнөктөштөргө "баасы канчалык жогору болсо" дагы Киевди заманбап курал-жарак менен жабдууга чакырды.

Мындай чочулоо бир жагынан орус армиясы Украинанын чыгышындагы Северодонецк баштаган бир катар шаарларда өз чабуулдарын күчөтүп, экинчи жагынан Европа биримдиги Украинаны мүчөлүккө талапкерликке сунуштаган маалда айтылды.

Түндүк атлантикалык бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг немистердин Bild am Sonntag гезити 19-июнда жарыялаган интервьюда: “Согуш жылдарга созулуп кетээрине даяр болуп, Украинага колдоону токтотпошубуз керек”, – деп айткан.

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон Киевге барып келгенден кийин Лондондо чыккан Sunday Times гезитине "убакыт өтө маанилүү фактор" жана "Украина орус күчтөрү чабуулдарын күчөткүчө өз жерин коргоп үчүн күч жыйнай алабы-жокпу, ошондон көз каранды" деп жазды.

Жонсон 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери 10 миңдеген киши набыт болуп, 10 миллионго чукул карапайым тургун үй-жайын таштап, бозгунга айланган кырдаалда Киевдин өнөктөштөрүн украиндерге "чарчап-чаалыкпай" колдоо көрсөтүүгө үндөдү.

17-июнда Еврокомиссия Украинага биримдикке мүчөлүккө талапкер макамды тездетилген шартта берүүгө сунуш кылган. Европа кеңеши Киевдин арызын 23-24-июнда карайт.

18-июнда украин президенти Владимир Зеленский Киевден 500 чакырым жердеги Николаев облусундагы согуш тилкесине барды. Ал эртеси Телеграмга "аскерлер, полиция жана Улуттук армия... жеңиштен күмөн санабайт" деп жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости