www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш союздаштарынын июль айындагы жолугушуусу Украинага жакшы кабар алып келбейт жана иш жүзүндө Киевди куру кол калтырат. Бул тууралуу Foreign Policy журналынын баяндамачысы Анчал Вохранын макаласына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Келерки айда Литванын Вильнюс шаарында өтүүчү НАТОнун жылдык саммитинде Украина альянска дагы да чакырылбай турганын билди. Ал тургай Киев биримдикке болжолдуу кайсы учурда кире алары дагы таптакыр белгисиз", — деп жазылат макалада.
Журналист белгилегендей, Украинаны Түндүк Атлантика альянсына кабыл алууну каалабагандыктын негизги себеби — Россия менен тирешүүнүн курчуп кетүүсүнөн коркуу болуп жатат.
Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Киев НАТОнун Вильнюстагы 11-12-июлга белгиленген саммитинде альянска кошулууга чакыруу алгысы келерин, андан башка чечимге канааттанбай турганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg