www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун башкы катчысы алмашты

НАТО Нидерланддардын премьер-министри Марк Рюттени өзүнүн кезектеги башкы катчысы кылып бекитти. Бул туурасында РИА Новости France-Presse агенттигине таянып кабарлады.

"НАТО Нидерланддардын премьери Марк Рюттени кезектеги жетекчиси кылып дайындайт", — деп айтылган маалыматта.

Бул кишинин аталган уюмду жетектеши дагы бир талапкер Румыния президенти Клаус Йоханнис өзүнүн талапкерлигин алып койгондон кийин болду.

Йенс Столтенберг жаңы жетекчи тууралуу X социалдык тармагына НАТО "ишенимдүү колдо" экенин жазды.

Рютте өзү аталган мамлекеттин премьерлигинен кеткенден кийин үч ай эс алып, андан соң НАТОдогу ишине киришерин айтты.

Түндүк альянсты Столтенберг 2014-жылдан бери башкарып келет. Бул кызматынан 2022-жылдын 1-октябрында кетиши керек эле. Анткен менен уюмга мүчө болгон өлкөлөр анын мандатын быйылкы жылдын 30-сентябрына чейин, андан соң дагы бир жылга узарткан. Ошентип 2024-жылдын 1-октябрында анын ыйгарым укуктары аяктайт.

Последние новости