www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тик учактын ижарага берилиши боюнча түшүндүрмө беришти.

ӨКМден белгилешкендей, социалдык тармакта талкууланган тик учак мыйзамдуу жол менен ижарага берилген.

"Алдын ала жеке жак менен ушул жылдын 21-июнунда 1 саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Афтандил Сабырбеков 157 миң 662 сом төлөгөн", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Министрликтен баса белгилешкендей, учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат.

"Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат.

Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттардын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот.

Белгилей кетсек, тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат.

Жеке жактар келишим түзүү менен “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 миң 662 сом, ал эми “Н - 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат.

Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат",- деп белгилешти ӨКМден.

Эскерте кетсек, 24-июнда социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын жигити тик учак менен тоого алып барып, колун сураган видео тарап, талкууга жем таштаган.

Последние новости