www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул ачуу чындык экенин тана албай калдык. Танууга биздин бетибиз чыдабайт, бирок Алмазбек Атамбаевдин бети чыдап атканына таң берип турабыз.
Борбор калаабызда “Нават” чайканалар тармагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп, кардарларды өзүнө көбүрөөк тартып турганын шаар тургундары абдан жакшы билишет. Ал жердин тамак-ашы, кызмат көрсөтүүсү да абдан жакшы экенин белгилеп коюу керек. Бул чайканалар тармагын расмий түрдө токтогулдук жигиттер иштете турганын да билебиз. Бирок, алар жөн гана документ жүзүндө ээлери болуп чыгууда.
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда “Нават” чайканалар тармагынын чыныгы ээлери экс-ханайым Раиса Атамбаева менен А. Атамбаевдин мурдагы катчысы, учурдагы ЖК вице-спикери Асел Кодуранова экен. Экөө бул чайканалардан түшкөн кирешени тең экиге бөлүп, чөнтөктөрүн кампайтып келишет дешет. Ал эми ар кандай текшерүүлөрдөн, атаандаштыкка туруштук берүүлөрдөн экөө калкалап турат.
Демек, экс-президент өзүнүн алты жылдык мөөнөтүндө жансакчыларын, шоопурун, жадакалса катчы кыздарын да жогорку мамлекеттик кызматтарга алып келгени аз келгенсип, алардын баарын бизнес чөйрөсүнүн калкалоочусуна айлантып салганын түшүнөбүз. Анан кантип муну кландык башкаруу деп айтпай кое алабыз?
Булак: NazarNews.kg