www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча сот өкүмдөрүн аткарууда өндүрүлгөн акчанын эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууну тапшырды.

Бул иштер коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындыкты арттыруу максатында жасалууда. Президенттин тапшырмасын аткарыш үчүн Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери кеңешме өткөрүп, өкмөткө анын укук-ченемдик маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Ал эми эл тарабынан ушундай демилге көптөн бери эле көтөрүлүп келаткан. Бирок жарандык коомдор бул акчалар мурда болуп келгендей эле дайынсыз жоголуп кетпейби деп чочулашууда. Тиешелүү мыйзам боюнча, буга чейин коррупциядан өндүрүлгөн каражаттын 30 пайызын кылмыштын бетин ачкан мекемеге, калган 70 пайызы түз мамлекеттик казынага түшчү. Өткөн жылы өлкөбүздө “Коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголуп, андан мамлекеттик бюджет 670 млн сом зыян тартып, 18,4 млн сому гана мамлекетке кайтарылган.

Демек, мамлекеттин казынасына түшкөн менен “карышкыр ток, кой да аман болуп”, дайын-дареги билинбей кала берген же жегендердики аш болуп, аларды текшергендердин да колу майланып турган. Сыягы, мындан ары андай болбойт шекилди. Күтө туралы.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости