www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Россиядагы элчилигинде орусиялык журналист Леонид Млечиндин «Трагедиялуу январь. Президент Токаев жана сабак алуу» («Трагический январь. Президент Токаев и извлечение уроков») аттуу китебинин бет ачары өттү. Азырынча китеп коомчулукка сунуштала элек, бирок интернетте Млечин менен Токаевдин маегинин айрым жерлери тарап жатат.
Казакстандык саясат таанучу Ербол Едилов Телеграмдагы каналында китептеги айрым цитаталарды жарыялады. Анын айтымында, китепте кандуу январь окуяларынын уюштуруучулары Касым-Жомарт Токаев алсыздыгын көрсөтүп, чечкиндүү боло албайт, коркуп, жан сактоо үчүн өлкөдөн чыгып кетет деп ойлошкону айтылат.
«Ага (Токаевге) абал коркунучтуу экени, ошондуктан башкы максат — анын өмүрүн сактап калыш керек экенин айтышкан. Атайын учак, жан сакчылар жана 25 млн доллар даярдалган болчу. Токаевден кайсы өлкөгө учарын сурашкан, ал өлкөдөн чыгып кетет деп ойлошкон», - деп айтылат китепте.
Млечиндин баамында, январь окуяларына чейин Казакстанда жана чет өлкөлөрдө Токаевди баалашчу эмес. Башаламандыктын уюштуруучулары Токаев дипломат, интеллигент, бирок аскер жаатында алсыз деп ойлошкон. «Алар жаңылышты. Ооба, ал дипломат. Бирок дипломат — алсыз адам дегенди түшүндүрбөйт. Токаев өлкөдө каларын айткан, бул сөз бийликти басып алууну каалагандарга, Токаев тоскоол болуп жаткан адамдарга айтылган», - дейт орусиялык журналист.
Ошодой эле, китептин соңунда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Токаевдин январдагы аракеттери боюнча айткан сөзү камтылган.
«Токаев мага Назарбаев ага эмне дегенин айтып берди. «Сени 30 жылдан бери билем, бирок ушундай кадамдарга барарыңды ойлогон эмесмин», - деген Назарбаев Токаевге», - дейт журналист.
Анын айтымында, январь окуяларынан кийин Назарбаев кайрадан президент болмок, ал эми Масимов премьер-министр болуп дайындалмак.
«Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов тергөөнүн жүрүшүндө Назарбаев 3 жылга президенттик кызматка кайтып келүүнү, андан соң ордуна Токаевден да ылайыктуу адамды коюуну чечкенин айтты. Ошол үчүн Токаевден арылыш керек болчу. Ал эми Масимовго премьер-министрдин кызматын убалашкан».
Ошондой эле, китепте Токаев өлкөнү эки адам башкарышына каршы чыкканы, Токаев бул тууралуу Назарбаевге да айтканы жазылган.
Казакстанда нааразычылык акциясы 2-январда Мангистау облусунда башталган. Андан соң митингдер ири шаарларда катталган. Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, интернетти өчүргөн. Ошондой эле, өкмөттү отставкага кетирген.
5-январда Алматы жана башка шаарларда башаламандык башталып, административдик имараттар өрттөлүп, соода жайлары тонолгон. Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кайрылып, аскер жөнөтүүнү суранган жана Россия, Беларусь, Тажикстан, Армения, Кыргызстан аскер кызматкерлерин жөнөткөн. 7-январда Токаев абал турукташканын жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg