www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Вашингтонго расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Ак Ордонун басма сөз кызматы билдирди.

Үч күндүк сапардын жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев АКШнын президенти Дональд Трамп, ошондой эле өлкөнүн расмий жана ишкердик топтору менен жолугат.

Андан тышкары казак лидеринин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышуусу пландалууда. Буга чейин Казакстандын расмий ММКлары сапардын алкагында стратегиялык өнөктөштүк жана бир канча миллиард долларлык макулдашууларга кол коюлушу күтүлөөрүн кабарлашкан.

Мурдараак Ак үй сапардын алкагында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү жолдору талкуулана турганын кабарлаган. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде бир катар эл аралык чакырыктар, анын ичинде Ооганстан темасы дагы бар.

Күн мурун казак маалымат агенттиктери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Трамп менен Назарбаев Орусия менен болгон мамиле жана Сириядагы согуш, ошондой эле соода маселелерин талкуулай тургандыктарын билдиришкен.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости