www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын
Бишкекте өтө турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин
отуруму болду.

Иш-чараны өткөрүү маселелери боюнча өткөн жылдан бери иш алып
барып жаткан жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын
орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны 2018-жылы алгач ирет Бишкек шаарында
өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага Европада, Азияда жана Түндүк Америкада
жайгашкан 57 мамлекеттин парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт
катары кызмат кылат жана шайлоолорго байкоо салуу менен эл аралык кызматташтыкты
чыңдоо, анын ичинде саясий чөйрөдөгү жана коопсуздук, экономика, айлана чөйрө, адам
укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча өнөктүктөрдү жетектейт деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости