www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Freedom House" көз карандысыз уюму Кыргыз өлкөсүн 100 баллга чейинки көрсөткүч менен санаганда 33 балл менен Борбор Азиядагы жалгыз гана салыштырмалуу эркин мамлекет деп тапты. Ал эми Казакстан 22, Тажикстан 11, Өзбекстан 3 балл менен эркин эмес өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

"Кыргыз жериндеги саясий элита өз кызыкчылыгы үчүн Конституциялык өзгөрүүлөр боюнча референдум өткөргөн болчу. Өзгөрүүлөр боюнча бийлик президенттен премьер-министрге өтөт. Мындай кадам президенттик мөөнөтү аяктаган соң бийликти сактап калуу аракетинде Алмазбек Атамбаев тарабынан киргизилген", - деп жазылган маалыматта.

Белгилүү болгондой, 195 мамлекеттин ичинен 87 өлкө эркин мамлекет, 59 салыштырмалуу эркин жана 49 өлкө эркин эмес мамлекет деп табылган. Эң начар көрсөткүч Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, Түндүк Африкада жана Евразияда катталган.

Белгилей кетсек, "Freedom House" - демократияны колдоого алып, 1941-жылы АКШда негизделген уюм.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости