www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кудасы, ишкер Кайрат Боранбоев өз ыктыяры менен 1,4 миллиард теңгеден ашык (3 миллион долларга жакын) турган “Comfort Hotel Astana” мейманкана комплексин мамлекеттин эсебине которду. Бул тууралуу өлкөнүн каржылык мониторинг агенттиги билдирди.

Аянты 5 миң чарчы метрден ашкан мейманкана Казакстандын борборунун борборунда жайгашкан жана анын жылдык жүгүртүүсү дээрлик 900 миллион теңгени (1,9 миллион доллар) түзөт.

«Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, бул жайды социалдык максатта пайдалануу, эс алуу, реабилитациялык жана билим берүү борборлорун ачуу пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда активдерди кайтаруу иштери уланууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, белгилүү казак олигархы, Макдоналдстын Казакстан, Орусия жана Беларустагы франшизасынын ээси Кайрат Боранбаев Казакстандын эң бай адамдарынын бири, өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кудасы. Боранбаевдин кызы Назарбаевдин небереси Айсултанга турмушка чыккан.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Астананын кылмыш иштери боюнча соту Кайрат Боранбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга эркинен ажыраткан.

Боранбаев 2022-жылдын март айынын ортосунда камакка алынган. 2023-жылдын 31-мартында Астана соту Боранбаевди жана анын эки шеригин газды жеткирүү учурунда «Казак Газ» улуттук компаниясынан ири суммадагы акчаны уурдаган деп айыптап, сегиз жылга кескен. Бирок июль айынын башында Астананын кылмыш сотунун коллегиясы өкүмдү жокко чыгарган. Август айында Боранбаевдин жактоочусу Данияр Канафин кардары күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды өз ыктыяры менен төлөп берүү маселеси боюнча тергөө менен кызматташууга ниеттенип жатканын билдирген.

Фарангиз Салимова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости