www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назарбаевдин үй-бүлөсү оор жоготууга учурады

Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин келини Гүлжан Назарбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Гүлжан Назарбаева Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаевдин жубайы.

"Айша" коомдук фондунун директору Айша Оразбойдун айтымында, Гүлжан Назарбаева 29-июнда каза болуп, 30-июнда жерге берилген. Ал көптөн бери жүрөк оорусу менен дарыланып келген.  

Назарбаевдин келини Чамалган айылынын жанындагы Чубарат көрүстөнүнө коюлду. Бул көрүстөндө биринчи президенттин ата-энелеринин бейиттери жайгашкан. Айша Оразбайдын айтымында, карантинге байланыштуу эч ким көрүстөнгө киргизилген эмес.

Болат Назарбаев - президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы. Ачык булактарга караганда, ал "Tax Orpak" коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү, BN Invest холдингинин башчысы.

22-июнда Нурсултан Назарбаевдин жээни Раиса Кулибаева көз жумду. Ал Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин апасы.

Эске салса кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге коронавирус диагнозу коюлган. Бул тууралуу маалыматты өзбекстандык кесиптештер билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости