www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш.Жээнбековго
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Өзүңүз жакшы билгендей, 22-июль күнү чыгаан журналист, иликтөө журналистикасы боюнча кесипкөй адис, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев сырдуу жагдайда Ысык-Көл суусуна чөгүп каза болду. Болгону 28 жаштагы кесиптешибиз үй-бүлөдө жалгыз уул эле. Артында былтыр эле баш кошкон жаш жубайы менен төрөлө элек баласы калды. Улан ата-эненин сыймыктуу уулу, сүйүктүү жубайдын жары эле эмес, кесиптик чөйрөдө алдына көпчүлүктү алдына салбаган мыкты журналист, ар бирибиздин ишенимдүү досубуз болчу.
Уландын өлүмү кайсы бир тар чөйрөнү эле эмес, бүткүл Кыргызстанды толкутуп, чындык көздөн учкан ар бир жарандын жүрөгүн канатты. Анткени, Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабай, бүгүнкү күндө чындыктын асаба-туусуна айланып калган болчу. Ал коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, Кыргызстанга кеңири таанылган. Анын ар бир журналисттик иликтөөсү коррупциялык жана кылмыштуу иштердин бетин ачып, адилеттик издеген адамдарга үмүт отун жакчу. Улан журналисттик иликтөөнү кесипкөйлүк деңгээлде аткарып, көтөргөн темасын ийне-жибине чейин иликтеп-жиликтеген, жемкорлордун тамагына тыгылган сөөк болуп, элдин чөнтөгүнө суук колун салган чиновник-кылмышкерлердин түшүнө кирген эр жүрөк, тайманбас жигит эле.
Анын “Мансаптуулардын жер “бизнеси”, “Саясатташкан мумия”, “Музейдеги миллиондор”, “Кандуу жүк кимдики?”, “Көрүстөндөгү коррупция”, “Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?”, “Темир жолдогу жемкорлук”, “386 млн доллар кайда короду?”, “Ышталган Бишкек”, “Жолдон жонулган “жашылдар”, “Карыздар кайда короду?”, “Колдон колго өткөн Жерүй” ж.б. иликтөөлөрү коомдо кызуу талкууну жаратып, саясий чөйрөдө уу-дуу көтөргөн.
Депутат Жанар Акаев белгилегендей, Уланбек Эгизбаев жалгыз өзү бүтүндөй мамлекеттик машинанын кызматын аткарчу. УКМК, Прокуратура, ИИМ, сот органдары ачпаган кыңыр иштерди так ушул Улан көтөрүп чыгып, ашкерелечү. Укук коргоо органдары Уландын козгогон темаларынын артынан кылмыш иштерин ачып араң үлгүрүп жана анын топтогон документтери тергөө үчүн баалуу материал болуп берген.
Аз жашаса да маңыздуу, үзүрлүү жашаган Уландын талыкпас аракеттерине жараша ийгиликтери да көп болуп, ар кандай баалуу-нарктуу сыйлыктарга ээ болуп келди. 2016-жылы “Кыял” тасмасы үчүн коомчулукта Интернет-Оскар деп таанылган эл аралык Webby Awards сыйлыгын жеңип алган. Ошол эле жылы Президенттин “Ардак грамотасына” да татыган. Журналистикадагы эң мыкты жетишкендиктери үчүн мындан бир ай мурда “Алтын калем” сыйлыгы ыйгарылган. Булар анын толгон-токой кадыр-барктуу сыйлыктарынын бир бөлүгү гана. Буларды Уландын эмгекчилдиги менен иштин көзүн билген зиректигинин үзүрү, коомчулук тарабынан берген калыс баасы деп билебиз. Анын келечеги жаркырап, дагы да көптөгөн ийгиликтерге жетишээринен күмөн саначу эмеспиз.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Уланбек Эгизбаев кесиптик ишине байланыштуу ар дайым кооптуу жагдайда жашап, иштеп келген. Ага карата телефондон сырдуу эскертүүлөр жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп турганы маалым. Акыркы жолу Уландын наамына почта аркылуу бош конверттер келген. Бул жагдайлар тиешелүү органдар тарабынан кылдат иликтөөнү алап кылат.
Уланбек Эгизбаевдин каза болуу фактысы да көптөгөн күмөндүү пикирлерди жаратууда. Албетте, ИИМ менен ошол учурда денени текшерген медицина кызматкерлери “атайылап өлтүрүүнүн изи жок” деген маалыматтарды беришүүдө. Бирок, андан берки пайда болуп жаткан ар бир жаңы маалымат Уландын киши колдуу болуп каза болгондугуна ынанууга мажбурлайт. Ошондуктан, бул каргашалуу окуя боюнча укук коргоо органдары калыс, терең иликтеп, эр жүрөк журналисттин өлүмүнүн сырын жана аны аткаруучулар менен буюртмачылардын бетин ачыкташы керек. Арийне, журналисттин трагедиясы объективдүү тергелээрине коомдо, анын ичинде журналисттик чөйрөдө ишеним аз. Анткени, буга чейин жүз берген Дача СУ кырсыгы, Бурулайдын өлүмү сыяктуу резонанстуу иштердин аягы сай таппай кеткендиги үмүт отуна суу себет.
Сизден өлкө башчысы, Конституциянын гаранты жана жарандардын башкы тиреги катары, чындыктын артынан сая түшкөн, табышмактуу каза болгон кесиптешибиз маркум Уланбек Эгизбаевдин окуясын жеке көзөмөлүңүзгө алып, кылмыш ишин акырына жеткирүүнү суранабыз. Уландын иши Сиздин жеке көзөмөлүңүздө турганда гана кылдат, объективдүү тергелээрине үмүт арта алабыз.
Урматтоо жана терең ишеним менен,
NazarNews маалымат агенттиги
Булак: NazarNews.kg