www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыскы Швецияда бозгунда жүргөн Сыргак Абдылдаев кыргыз бийлигин оодарып түшүү чакырыгын таштады. Анын ФБ-баракчасында мындай деген пост жарыялады:

“Эсиңерде болсун кыргыздар, бийликтеги компрадордук айбандар (компрадорское быдло) бир гана күчтү таанышат. Бир гана күчтү, андан башка эч нерсе. Өзгөрүүнү каалайсыңарбы, бир күчкө бириккиле жана бай айбандарды (богатое быдло) Кыргызстандын тарыхынан өчүрүп салгыла”.

Экс-президент А.Атамбаевди такай колдоп, анын колунан баалуу сыйлыктарды алып келген С.Абдылдаев дагы бир постунда “Эгерде силер, кыргыздар, жакшы өзгөрүүнү каласаңар, анда бийликти штурмга алгыла. Кармашууда гана өзүн таануунун жана өлкө менен элдин тагдыры үчүн жоопкерчиликти аңдоо акыйкаты чыгат” деп, элди бийликти күч менен алууга ачыктан-ачык чакырык таштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости