www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова күзүндө боло турчу шалоо тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Сен азыр бийлик элди караңгыга түртүп, депутаттардын, өкмөттүн ар бир кылыгы менен былыгын көрүп атканда уялып атасыңбы? 15 миң $ дан баш тартканда "Алдына келген ырыскыдан баш тарткан келесоо кыз экен!" дешкен. Депутаттыктан баш тартканда да мандеми бар неме го дешкен. Келесоолугуман деле эмес кебетесинен кыргыз үчүн күйө турчуларды көргөн эмесмин. Депутаттык колуман келбейт. Бийликке келүү дымагым да жок. Кыргыз үчүн жан үрөп атканда менин келечегимди 500сомго сатып аткан мекендештериме, акча, сыйлык үчүн чуркаган кесиптештериме таарынгам. Бирок бүгүн жүзүм ушунчалык ак, башым бийик! Сөөмөй менен кезеп, " Сен үгүттөп жүрбөдүң беле?" дей албайсыңар. Бул жылы мыктыларды байкап калсам, бекер жардам берем. Байлардын акчасын алам, бирок. Менин бул жылкы оозуйпам ар бир кандитаттын жан дүйнөсүн ачып, карапайым калкка тааныштыруу болот. Быйыл көпүрө болом. Мыктыларды, татыктууларды шайлообуз кажет!”, - дейт Назира Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости