www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту 4 вариант менен дарылоо башталат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

«Коронавирус илдетин дарылоо клиникалык протокол боюнча жүргүзүлөт. Учурда, биздин өлкөдө протоколдун 4 варианты даярдалып жатат. Бул нормативдик документ эксперттер тарабынан түзүлөт жана Саламаттык сактоо тарабынан бекитилет. Ошондой эле, учурда даярдалып жаткан протокол Москва жана Уфадан келген кесиптештерибиз менен да бирге талкууланган.

Анын ичине бир дагы эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок, анткени вируска каршы дарылардын эффективдүүлүгү далилденген жок. Негизинен протоколдун 4 вариантында, дарылоо бөлүмү, реанимация бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат», - деп билдирди  КРнын ССМ штаттан тышкаркы кеңешчиси-инфекционист Айнура Кутманова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости