www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө. Учурда, аны каржылоо маселеси чечилди. Ошондой эле, Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имаратында капиталдык ремонт өткөрүлүп жатат”, - деп билдирди КР Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу божомолдорго атайын Комиссиянын чечими менен 39 пункттан турган иш – чаралар планы белгиленди. Иш-чаралар тийиштүү органдар тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Негизинен, күз мезгилинде оору-сыркоо көп болоорун эске алынып, бул боюнча бардык район шаарлардагы жетекчилерге тапшырма берилип, иштер жүрүп жатканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости