www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саясий окуяларды шылтоо кылып, ЛГБТ, НПО жана жарандык ативисттер митингге чыкканды токтотушса!”, - деди коомдук активист Назира Бегим.

Мен бир топ улуттук баалуулуктарды даӊазалаган долбоорлорду уюштуруп жүрөм. Ошого байланыштуу айрым учурларда теле дебаттарга чакырып калышат. Бир нече жолу ЛГБТ өкүлдөрү, бей өкмөт уюмдарынын лидерлери менен дебаттарга катышып калдым. Дебатта алардан, каршылашынын пикирин угуу, сыйлоо дегенди байкаган жокмун. Радикал жана агрессивдүү диалог кылышып, кыргыздын улуттук түшүнүктөрүн, диний баалуулуктарыбызды жек көрүү менен мамиле кылышат. Акыркы убакта ушундай көз караштагы жарандар жана уюштуруучулар мамлекеттин ишине көп аралашып, булганган, кыргыз элине өтө жат идеологиясын жайылтып жатышат. Шайлоону, саясий окуяларды керек болсо кырсыктарды дагы шылтоо кылып көчөгө чыгышат. Буларга кенен эркиндик берилди, эркелеп кетишти. Эртен, 15-апрелде дагы митингге чыгышат экен. Улуттук ар намысы бар, мамлекеттин тынчтыгын ойлогон адамдар дагы чыгып, өз жообубузду беришибиз керек болуп калды. Мен Кыргызстандын келечегин намысы бар, жигиттик касиети, кыздык абийири бар акыл-эстүү муундун колуна өтүшүн каалайм. Ал эми жаркын келечегибизди бузулган коомдун үгүтчүлөрү, батыштын грантын алып жашаган ниети каралардын колуна өтүшүн каалабайм!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости