www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы жаңы тартылып жаткан тасмалар аркылуу элге таанылып келе жаткан жаш актриса кыздар арбын. Алардан өзүнүн сулуулугу, берилген ролду мыкты аткаргандыгы менен айырмаланган актриса Назира Бердигулова бизде конокто.

– Назира, тасмаларга тартылууга жаңы сунуштар болуп жатабы?

– Өзүңүздөр билгендей «Президент жана бомж» тасмасынын экинчиси жарыкка чыгып, ал тасма Кыргызстанда эле эмес, Москвада дагы коюлуп, ал жакта кызыгууларды жаратып жаткан учуру. Бул менен эмнени айткым келип жатат, кинонун автору Өмүрзак Төлөбековго Москвадан «Москва көз жашка ишенбейт» тасмасынын экинчи бөлүмүнүн сценарийин жазып берсеңиз деген сунуш болгон экен. Сценарий жазылып бүтүптүр, келишим боюнча ал тасмага Кыргызстандан эки актёрго орун берилиптир. Ал тасмага тартылуу бактысы Аскат Сулайманов экөөбүзгө буйруптур, Өмүрзак байке бизди алып барганы жатат. Андан сырткары «Президент жана бомж» тасмасынын үчүнчү бөлүмү «Сүйүү жана миллион» деген аталыштагы фильм тартылып жатат, ал кинодо дагы роль жаратканы жатам. Булардан башка деле бир топ эле кинолорго тартылууга сунуштар болуп жатат, бирок, мен алдыга карай өсүшүм керек деген ойдо деңгээли мурдагы тартылган кинолорумдан төмөн киного чакыруу болсо баш тартып жатам. Айрымдары менен гонорар жагынан келишпестик болуп калып жатат. Анан дагы негедир мени ачык кадрларга чакыргандар арбын болуп калды. Тилекке каршы, мен андай сунуштардан дароо эле баш тартам.

– Өзүң кайсыл кесиптин ээсисиң? Актрисалык билимиң барбы?

– Менин кесибим бажы кызматкери. Окуу жайда жалаң бешке окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөм. Анан эле чыгармачылыкка аралашып кеттим. Негизи чыгармачылыкка аралашам деп такыр ойлогон эмесмин, анан эле күтүүсүздөн жашоомдо бир катуу сокку болгон, ошондуктан ушул кадамга бардым. Ал кандай сокку экени сыр бойдон эле калсын. Ошондо «мен белгилүү адам болом» дегем, жакын адамдарыма өзүмдүн ким экенимди далилдедим. Акрисалык жактан билимим жок эле, азыр актриса Калича Сейдалиевадан сабак алып жатам.

– Чыгармачылыктагы алгачкы жол кайдан башталган?         

Студент кезимде, тактап айтканда, 1-курста окуп жүргөн учурумда Жаныш Кулманбетовдун «Кандуу сүйүү» тасмасында башкы ролду ойногом. Ошондон кийин эле «Куликовский» тортунан жарнагыбызга тартылып бериңиз деген сунуш болуп калды. Макул болуп тартылгам. Алар жолду бойлой менин сүрөттөрүмдү илип коюшкан, маршруткада кетип жатып өзүмдүн сүрөтүмдү көрүп кубанып калам. Кийин НБТ телеканалына чакыруу болуп ошол жакта иштеп калдым. Азыр өзүңөр билгендей «Манас жанырыгы» телеканалында эмгектенем.

– Сени элге Бек Борбиевдин тасмасы көбүрөөк таанытты десем болобу?

– Туура, мени азыр көчөдөн көргөндөр «Карагат» деп аташат. Мен кичинекей кезимде эле Бек Борбиевди телевизордон көрүп абдан жактырып калгам. Мага дүйнөдө андан өткөн келишимдүү мырза жоктой сезилчү. Бек байкенин колун бир кармасам эле Жаратканга ыраазымын деп кыялданчумун. Балалык кыялдар орундалат экен, кийин буйрук болуп киносуна тартылып калдым. Съёмка учурунда баарлашып, бирге тамактанып чогуу жүрдүм. Бек байке урушса дагы, жаман көрсө дагы баарына чыдадым. Ал адам менен киного тартылганыма сыймыктанам, бирок, анын мүнөзү өтө оор болгондуктан, чыдаш кыйын болду.

– Учурда мамилеңер кандай, кинодон кийин маалымат каражаттарына Бек Борбиев «Назира менин табитимдеги кыз эмес» десе, сен «ал деле менин табитимдеги мырза эмес» деп чыктыңар?..

– Айрым журналисттер ар бир сөздөн кыйкым издеп турушат экен. Мага бир гезиттен «Бек Борбиев сизди «менин табитимдеги кыз эмес» деди, ага кандай карайсыз?» деген суроону беришкен. Мен аларга «мен Бек байкени сыйлайм, чыгармачыл адам катары жакшы көрөм. Ал эми экөөбүздүн табитибиз эки башка, экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз бар» дегендей мааниде айткам. Алар болсо Назира «менин табитимдеги мырза эмес» деп айтты деп жазып жиберишиптир. Бек байке менен кийин чогуу самолётто учуп калдым. Ошондо «Назира, ушинтип жазып салышыптыр, видеосун көрсөң, мен башкача айткам, алар болсо башкача жазып коюшуптур» деп айткан. Ушинтип эле ортодон карама-каршылык чыгып кетет экен. Азыр Бек байке менен мамилем жакшы, ал мага карындашындай мамиле кылат. Жолуккан жерден «Жамалка, кандай, эч ким эч нерсе деген жокпу? Бир тал чачың түшсө мага айтып кой, анын ким экенине карабайм» деп калат. Буюрса «Мен сүйгөн карагат» тасмасынын экинчи бөлүгү жарыкка чыгат. Аягы Бек байке экөөбүз балалуу болгонубуз менен аяктайт.

– Чыгармачылык жактан ийгиликтер жакшы экен, ал эми жеке жашоо кантип жатат?

– Жеке жашоомдо баары ойдогудай. Он тогуз жашымда турмушка чыккам, жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга беш жыл болуп калды. Ортодо Шахрезада деген төрт жаштагы кызыбыз бар. Кубанганым - жолдошум менин чыгармачылыгымды түшүнөт, бут тоспойт. Биз урушпайбыз, чабышпайбыз, ал мага кол көтөрбөйт. Менин артымдан кандай гана ушактар ээрчиген жок, жолдошум баарына чыдады. Ал мага «менин алдымда ак болсоң болду. Ишиң менен алек бол, каалаган жагыңа бас, бирок, мен эртең уят болбоюн. Сени менен сыймыктанам, анткени, сен өзүңдү өз колуң менен түптөп алдың» дейт. Аны абдан сыйлайм, менден улуу болгондуктан, «сиз» деп тике карай албай турам. Бирок, албетте, биздин ортобузда деле бир учурларда пикир келишпестиктер болгон. Анын айынан мен бөлөк, ал бөлөк бөлмөдө жашап калган күндөр болгон. Эки ажырым жолго түшөлү деп калган жагдай болуп, бирок, аны дагы жеңгенбиз.

– Кинодо ар кандай ролдорду жаратып жүрөсүң, жолдошуң кызганбайбы?

– Кээде тамашалап «Бек Борбиевди, Алыкулду аткарган баланы дуэлге чакырыш керек» деп калат. Чынында, ал өтө кызганчаак адам, бирок, мен суранып, оту менен кирип күлү менен чыгып жатып ага кино эмне экенин түшүндүргөм. Ал мендей аялга туш болгонуна кубанып, алаканына салып эле бөпөлөшү керек. Ал мага эмнеге нааразы болушу керек экен, кийими жуулган, үч маал тамагы даяр, кайындарым кайсыл учурда келсе тикемден тик туруп тосуп алам, үйдө баары ирээти менен турат. Ага ар бир кыла турган ишимди айтып турам, ошондуктан, мага ишенет. Өзүм деле бирөө менен көңүлдөштүк кылып жүрө тургандай тарбияда чоңойгон эмесмин. Кичинемден ата-энем катуу тартипте өстүрүштү, азыркыга чейин тарбиялап турушат. Апам болсо «турмушка чыктыңарбы, ошол үйгө батып жашагыла. Ажалыңар ошол үйдөн, келбегиле» деп айтчу. Азыр деле ата-энемдин, жолдошумдун көзөмөлүндөмүн десем болот. Бирок, ойлоп олтурсам жолдошума караганда мен бир топ эле кызганчаакмын. Жакында эле анын катчы кызынын бойдок экенин билип шок болуп калдым. Эгер мен чалганда телефонду албай калса «кимдин колун кармадыңыз» деген смс билдирүүлөрүм биринин артынан бири кетет, анан «кечээ кечинде Назира Бердигулованын колун кармадым» деген жылуу сөздөрү менен мени жайгарып коёт.

  – Үй-бүлөлүү экениңе карабай сага көз арткан мырзалар дагы болсо керек?

  – Андайлар болот. Азыркыга чейин телефон чалып «жардам керекпи, сизди жакшы көрөм, сыйлайм» дешет. Эгерде чындап мени жакшы көрсө, мага жасаган мамилеси менен билдирет, анан белгисиз номерден чалып баатыр болбой. Негизи жолдошум ким экенин мен элге ачык айтпайм да, эгерде айтсам баатыр болуп чалгандар мага чалмак тургай көзүмө дагы карай албай калышмак.

  – Жолдошуңду эмнеге анчалык сыр кыласың?

  – Элге менин гана таанылып жатканым жетишет, жолдошумду жарыя кылгым келбейт. Ал өзү дагы биздин үйдөн бир артист чыкса жетишет деп өзү тууралуу айтуумду, сүрөтүн гезиттерге берүүмдү каалабайт. Өзү таасирдүү жерде иштейт, ошондуктан дагы бул нерсеге каршы.

– Алдыда кандай тилектериң бар?

Азыр магистратурада биринчи курста окуп жатам. Кудай буюрса, өзүм окуган КГУСТАда сабак бергим келет. Буюрса быйыл күздөн баштап мугалимдик кесипти дагы аркалайын деген тилегим бар.

Динара Чокоева

Булак: "lady.kg"

Последние новости