www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Коннектикут штатында эмчек рагынан жабыркаган Хезер Линси өлөөрүнө саналуу сааттар калганда турмушка чыкканын Sun басылмасына таянып РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Девид Мошер сүйлөшкөн кызы Хезерге 2016-жылдын декабрында баш кошууну сунуштаган. Дарыгерлер кызга эмчек рагы деген диагноз койгондо да жигит айтканынан кайткан эмес.

Хезер бир жыл бою оору менен алышып, 2017-жылдын аягында турмушка чыккан. Бирок 18 сааттан кийин, 22-декабрь күнү ооруканада көз жумган.

Келиндин курбусу Хезерге сүйүү аябагандай дем бергенин белгиледи. 

Булак: "sputnik.kg"

 

Последние новости