www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп түзгөн «Тынчтык кеңешинин» Газа сектору боюнча планын четке какты.

Ал Израиль ХАМАС толук куралсызданмайынча аскерлерин Газа секторунан чыгарбай турганын билдирди. Нетаньяху ХАМАС дагы эле Израилге кол салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле ал АКШ менен мамилелерди жана Дональд Трамп менен өнөктөштүктү жогору баалай турганын айтты. Нетаньяху Иранда ядролук курал болбошу үчүн Израиль бардык зарыл чараларды көрөрүн билдирди.

Анын билдирүүлөрү Израилде мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо күтүлүп жаткан учурга туш келди.

Последние новости