www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NEXT TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшенбиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин, УКМК NEXT TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деп, Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козгогон.

Маалыматка караганда, аталган канал "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, социалдык түйүндөргө тараткан.

Ал эми, NEXT TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал ар бир маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости