www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткарып келе жаткан Нийматилла ажы Топчиев ротациялык жол менен муфтийдин Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка расмий тааныштырып, жооптуу кызматына ийгиликтерди каалады. Жыйынга КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн эмгек жамааты, баш имам-хатибдер, муфтийдин кеңешчиси жана Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү катышты. Шүкүр ажы Исмаилов өз сөзүндө облус аймагында диний иштерди системалуу жүргүзүү, жамаат менен тыгыз байланышта болуу жана руханий баалуулуктарды бекемдөө башкы милдет экенин белгиледи.
Жаңы дайындалган Азирети Муфтийдин өкүлү Талас облусундагы диний мекемелердин ишин уюштуруу, имамдар менен иштөө, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана коомдо ынтымакты бекемдөө багытында иштерди улантарын билдирди.
Ал эми буга чейин Талас облусунда өкүлдүн милдетин аткарып келген Сулумбек ажы Узеналиев ротациянын алкагында Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Жыйындын жүрүшүндө анын Талас аймагындагы аткарган эмгегине ыраазычылык билдирилип, жаңы кызматында ийгиликтер кааланды.
Бул дайындоолор Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашып, диний тармактагы башкарууну өркүндөтүү, аймактардагы диний ишмердүүлүктү жандандыруу жана тажрыйбалуу кадрларды жооптуу кызматтарга тартуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Жаңы өкүл тууралуу маалымат:
Топчиев Нийматилла Асилбекович 1977-жылы 19-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Египеттеги «Аль-Азхар» университетин жана Баткен мамлекеттик университетин аяктаган. Нийматилла ажы бүгүнкү күнгө чейин Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Усман» медресесинин мүдүрү жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.