www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык 2050-жылы улгайган адамдардын саны 2 млрдды түзөт. Статистикалык маалыматка ылайык жылдан-жылга пенсия курагындагы жарандардын жашоо шарты оорлоп барат.

Карыялардын коомдогу орду кандай, канткенде алар толук кандуу коомдун мүчөсү боло алат. Кантип өзүмдү улгайган жашоого даярдайм, бактылуу карылыкты түзсө болобу?Ушул жана башка суроолордун тегерегиндеги талкуу болду. Бул талкууга тиешелүү тармактын өкүлдөрү, жергиликтүү кеӊештин депутаттары катышты. Ал Улуттук Кызыл Ай коомунун жыйын залында өткөрүлдү. Тегерек стол «Ыйман адеп жана маданият жылынын» алкагында болду.

Талкууда жалгыз бой карыларга кам көргөн социалдык кызматкерлердин милдеттери, эмгек акылары жана көрсөткөн кызматтынын сапаты каралды. Ошондой эле карыялардын тажрыйбасын билимин кандай жол менен колдонуу каралды. Андантышкары бул муундун адамдарына көрсөтүлгөн зордук-зомбулукту кантип токтотуу маселеси көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин адистери, депутаттар бул маселени мүмкүн болгон жолдорун карап чечүүгө даяр экенин билдиришти.

Катышуучу улгайган апа карыялар кандай кыйынчылктарга дуушар болоруна токтолду.

«Карылык –бул жалгыздык, сен эчкимге керегиӊ жок, коомго эч кандай алып келбей калган учур. Дарыгерлер сени кабыл алгысы келбеген, маршруттук таксилер токтобогон курак. Коомдон түртүлгөн кез. Бирок бизде канчалаган билим, тажрыйбалар ташкындап турат. Алардын баары менен бөлүшкүбүз келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн олимпиядалар өткөрүлөт. Бизди дагы ушундай иш-чараларга тартса. Бизди карыялар майрамында эле эстеп чакырышат. Кээде кайсы бир чогулуштарда залды толтуруу үчүн керекпиз. Биз дагы коомго салым кошкубуз келет», -деди Нина Калинина.

Иш – чаранын жүрүшүндө катышуучулар топторго бөлүнүп, ар бирине берилген темалар боюнча сунуштарын билдиришти. Ал эми Улуттук Кызыл Ай коомунун Бишкек шаардык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алия Атакулова: «Мени катышуучулардын баары талкууга кызыгуу менен катышып, маселени чечүүгө ынтызаар болгону таӊ калтырды. Өзгөчө жергиликтүү кеӊештин депутаты  активдүү катышты. Албетте, биргеликте күчтүүбүз. Ошондуктан улгайган адамдарыбыздын маселелерин бирге чечебиз». 

«Талкууда сунушталган идеялардын ишке ашыруу пландаштырылууда. Мисалы, шаардагы китепканаларда жаш-жеткинчектерге китеп окуп берүү, шаарыбыздын тарыхый жерлери жөнүндө бөлүшү жана башка», – деп кошулчалады ал.        

Жеңишгүл Тоголокова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости