www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жалпы жыйынында кандай маселе карала турганын спикер Чыныбай Турсунбеков өзү каалагандай чечеби? Же ага жакпаган маселе болсо жалпы жыйынга алып чыккысы келбейби?

Бүгүн, 21-июнь күнү ЖКнын жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова жана спикер Чыныбай Турсунбековдун ортосунда талаш жаралды. Аида Салянова өткөн бейшемби (четверг) күнү карап үлгүрбөй калган 4 маселе бар экенин, ал маселелер маанилүү экенин спикердин эсине салды. Бирок, Чыныбай Акунович дагы да болсо кежирденип «ЖКдагы маселелердин баары маанилүү»- деп жооп берди.

ЖКнын регламенти боюнча кайсыл маселе кароого коюлуп бирок үлгүрбөй калса кийинки отурумда токтоосуз каралышы керек. Кароого маселелер кезек-кезеги менен коюлат. Бирок, кезекте турган маселени өзгөчө абалда турган маселе болмоюнча жылдырып салуу мүмкүн эмес.

Бийлик куугунтукту күчөтүп майда маселелерге чейин кыянаттыка барууда. Тактап айтканда спикер Чыныбай Турсунбеков парламенттеги саясатка байланышы жок маселелерде “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага кадимкидей бут тосуп жатканы байкалды. Өткөн жуманын бейшемби күнү Аида Салянова күн тартибине 4 маселе алып чыккан. Ал маселелер: 1-Дары-дармек маселеси боюнча мыйзам долбоору. Бул маселеде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болушу толук мүмкүн. Анткени, дары-дармек бизнеси менен депутаттардын жана жогорку чиновниктердин бир канчасы алектенет. 2-Улуу Ата Мекендик согушта кайтыш болгондордун башка мамлекеттерде калган сөөктөрүн табуу үчүн жана аларга туугандарын алып баруу үчүн мыйзам долбоору кабыл алынып, мамлекет тарабынан каржы болүүгө милдеттендирилген. Бирок, мыйзам жазуу түрүндө калып ишке ашпай келет.

Аида Салянова бул мыйзам долбоорун ишке аша тургандай кылып даярдап алып чыккан. Бирок, популизм менен алектенген КСДП партиясы сөзү башка бирок иши башка болуп чыгууда. 3-Педофилдер ге жазаны күчөтүү, аларга амнистия жана ар кандай жеңилдиктерди бербөө Аида Салянова тарабынан демилгеленген. Азыркы учурда педофиля күч алып турган кезде бул демилге дагы маанилүү болуп турганы баарыбызга маалым. Бул демилгелерди спикер Чыныбай Турсунбеков эртеңки бейшемби күнгө 10-маселелердин бири катары коюлду. Мурунку бейшемби күндөрү каралган маселелерди кийинки жуманын бейшемби күнү каралышы керек деп спикер жанын жеп калп айтты.

Анткени, бейшемби күнү карала турган мыйзамды карап үлгүрбөй калса кийинки жуманын бейшембисинде каралышы керек деген регламентте жок. Ар бир күн тартибине коюлуп бирок каралбай калган маселелер кийинки жалпы жыйында каралып кете берет. Чыныбай Турсунбековдун мынчалык майдаланып бут тосуусунун сыры эмнеде? Же бийлик катуу бурап койдубу?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости