www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Саясий туткундарды коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун мүчөсү Таалай Мадаминовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, активисттер, абактагы саясатчылардын жакындары, тарапкерлери Бишкектеги №47 колониянын алдына барып, алардын абалы тууралуу маалымат берүүнү талап кылышат. Ошондой эле акцияга чыккандар камактагы үч саясатчыны “кургак ачкачылыкты” токтотууга чакырышат.
Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси, "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде жана УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылып, 30-январдан тарта кургак ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. 2-февралда туугандары алар ачкачылыкка карабай сотко алып келингенин билдиришкен.
Сотто Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармоону үчөө тең акырына чейин улантарын айтканы жазылган аудиосу интернетке тарады.
Жазаларды аткаруу кызматынан ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Улуттук коопсуздук комитети да Бектур Асановдун сотто айткандары боюнча комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg