www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулук  Камчыбек Жолдошбаевдин айрым кесиптештеринин коомдук транспортун колдонгону үчүн уялып жатканын кабыл алган жок. Тескерисинче, аны жек көрүп жатканын билдирип жатышса, айрымдары аны менен макул болгондой. Эл өкүлү болгон соң ар дайым элдин арасында жүргөн депутаттарды ким жаман көрмөк эле деген ой жаралат.
Жогорку Кеңеште депутаттардын кызматтык унаасына байланышкан маселе кайра козголгон.

Эске салсак, ушул жумада жалпы жыйын алдындагы ар кайсы маселелер саатында депутат Камчыбек Жолдошбаев айрым депутаттар менен жардамчылары жөө жүргөнүнө уяларын айтып, кызматтык унаа боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштап чыкккан эле. Бул дароо коомчулуктун сынына кабылды.   Мындан улам Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы барагына соңку үч жыл аралыгында бир катар депутаттардын коомдук транспорт менен жумушка келгенин байкап жүргөнүн жазып, айрымдарынын аттарын атады: “Мен билгенден Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулина такай троллейбус, машруткаларда жүрүшөт. Төрагалык кызматка келгенге чейин Дастанбек Жумабеков дагы коомдук транспортто жүрөөрүн, Ош базардан азык-түлүктү арзаныраак баада сатып алып жүргөнүн өзү мага айткан. Бул эл өкүлдөрү коомдук транспортто жүргөнүнө сыймыктанат деп ишендирип кете алам”, - дейт Ибраим Нуракун уулу.   Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызуу талаш-тартыш коштогон талкуулардан соң кызматтык унаадан баш тартууну чечишкен.

Белгилей кетсек, бир кездеги АКШнын президенти Билл Клинтон жана башка бийликтегилер коомдук транспорт, ал тургай шайтан араба менен жумушка келгендери маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости