www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда үй кожойкесин тапанча менен коркутуп 1 миллион сомго жакын акчасын тоноп кетишкен. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, окуя 19-январда болгон. Белгисиз эки киши өздөрүн алгач электрик катары тааныштырган.
"Кылмышкерлер турак үйдүн эшигин каккылаганда үй кожойкеси эшигин ачкан. Алар ошол замат аялга тапанча такап, үйүнө сүйрөп киришкен. Оозун скотч менен чаптап, колу-бутун байлап, алтын сөйкө, шакектерин чечип алышкан. Ошондой эле үй ичиндеги сейфти алып, качып кетишкен", — деди Турдубаев.
Ал ошондой эле бул фактынын негизинде облустук милиция тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле алар сейфти кошо көтөрө кетишкен.
Булак: NazarNews.kg