www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦтин жетекчиси алмашылды

Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп Андрей Воропаев дайындалды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, Воропаев буга чейин аталган борбордун электр жабдуулар боюнча башкы инженеринин орун басары болуп иштеген. Энергетика тармагында 26 жылдан ашык эмгектеген жана 2003-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин жетектеген.

1-февралда "Улуттук энергохолдинг" Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын себептери иликтенип бүткөнчө кызматынан убактылуу четтетилгенин жарыялаган. Анын милдетин аткаруу ГЭСтерди куруу ишканаларынын башкы инженери Таалай Бектеновго жүктөлгөн.

Эске салсак, 26-январда ТЭЦте авария болуп, миллиондогон тургундар жылуулуксуз калган. Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, "шалаакылык" боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости