www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар:

Надя Мурад

Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын жакында алды.Надя Мурад- 2014-жылы «ИГИЛдин» колуна туткунга түшүп, бир нече ай сексуалдык кулчулукта жашап качып чыккан. Андан соң Мурад Иракта укук коргоочу катары согушкердин аялдарга жасаган кылмыштарынын берин ачып жүрөт.  Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде Мурадды кошкондо 13 мусулман бар.

Орхан Памук

Түрк жазуучусу жана сценаристи. 2006 жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына ээ болуп, Түркиялык күрд катары дүйнөгө даңкталган. Анын чыгармалары 60 тилге которулуп, 11 миллион нуска менен чыккан. Өкүнүчтүүсү, 178 тилге чыгармалары которулуп, чыккан нускасы боюнча дүйнөдө биринчиликти алып Гиннес китебине жазылган Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгына жетпей кеткен.

Ясир Арафат

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун төрагасы, ал палестина эли менен бирге күрөшүүнүн идеясын сыймык менен эл аралык аренада алып чыкканда. Анын дагы бир эмгеги Нобель комитетинин пикири боюнча Жакынкы Чыгышта тынчтыкты сактоо үчүн зор эмгек сиңирген. 1994-жылы Нобель сыйлыгын алган.

Мухаммад Юнус

Бангладештик экономист, банкир жана коомдук ишмер. Ал түзгөн Garmeen Bank микрокаржылык уюму аз камсыздандырылган үй-бүлөлөргө  күрөөсү жок микро насыяларды берүү иштери менен алектенет. Жакырчылыкты жоюуга кошкон эмгеги үчүн Нобель сыйлыгын алган.

Мохаммад Абдус Салам

Пакистандык физик-теоретик. Теоретикалык жана практикалык физикада бир топ чоң ачылыштарды жасаган.Табият таануу илимдери боюнча Нобель сыйлыгына жетишкен биринчи мусулман. Ли Глэшоу (Lee Glashow) жана Стивеном Вайнбергом (Steven Weinberg) менен биргеликте алган.

Анвар аc-Садат

Мисирдин  1970 - 1981 жылдары президенти болгон. Мисирди 11 жыл башкарып өлкөнүн экономикалык жана саясий жактан алга кетүүсүнө чоң салымын кошкон. Мисир президенти  Израил менен тынчтык келишимине кол койгон соң Нобель сыйлыгын алган.

Ширин Эбади

Ирандан чыккан адвокат, укук коргоочу жана мурунку судья. Анын башкы иш аракети аялдардын жана балдардын укугун коргоо болгон. Демократияга жана адамдардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн 2003-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

Мохаммед эль-Барадеи

Мисирлик юрист, дипломат, 1997-2009 жылдары Атом энергетикасы боюнча эл аралык агентчиликтин (МАГАТЭ)  Башкы директору болуп турган. Ядролук энергетиканы согуштук максаттарда пайдаланууга каршы күрөшкөнү үчүн жана аны тынчтык максаттарда гана колдонулушун камсыз кылганы үчүн 2005-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгон.

Малала Юсуфзай

Пакистандагы аялдардын укугу боюнча талбас күрөшүүчү. Талибдердин кол салуусу учурунда оор жаракат алган.Аялдардын билим алууга укуктуулугун үгүттөп келет. Нобель сыйлыгы уюшулгандан бери эң жаш лауреат болгон.

Тавакуль Карман

Йемендик журналист, укук коргоочу, саясатчы. 2005 жылы « Максаты жок аялдар журналистикасы» уюмунун уюштуруучуларынын бири, 2011 жылы Йеменде болгон көтөрүлүш учурунда эл аралык аренада белгилүү инсанга айланган. Йеменде аны «революциянын энеси», «темир аял» дешет, Нобель сыйлыгын алган биринчи араб аял.

Ахмед Зевейл

 1999 жылы химия боюнча Нобель сыйлыгынын ээси болгон. Нобель сыйлыгын алган биринчи мусулман химик жана биринчи араб окумуштуу.  «Фемтохимиянын» атасы деген ат менен белгилүү..

Азиз Санжар

Химия боюнча «ДНКны калыбына келтирүү механизмдерин иликтегендиги» боюнча 2015-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгон түрк окумуштуусу.

Нагиб Махфуз

1988-жылы араб аңгемелериндеги акыйкаттуулуктун жана көркөмдүүлүктүн  адамзатка тийгизген таасирлери үчүн адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости