www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө эски муздаткычта камалып чарчап калган эки бала тууралуу тасма коомчулукка тарап кеткени үчүн эки милиция кызматкери жазага тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Эске салсак, Михайловка айылында муздаткычта чарчап калган балдардын денесин чыгарып жаткан тасма интернетте тарап кеткен. “Аталган тасма профилактикалык мүнөзгө ээ эмес, бул жөн гана милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы балдардын сөөгү табылган учурда тартылган тасманын тарап кеткени боюнча Ысык-Көл ички иштер башкармалыгында иликтөө жүргүзүп, бир катар кызматтык мыйзам бузууга жол берилгенин билдирген. Милиция кызматкерлери арасында жетекчилик тарабынан тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес деп табылган.

Жыйынтыгында, кызматкерлердин кесиптик этикасы, башкармалыктын тартиптик уставын одоно бузган деп Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн Ж.Ч жана анын кесиптеши С.К аттуу милицияга эскертүү берилди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости