www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Нургожоевич өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз. Бул тууралуу саясий диссидент, милициянын полковниги Номанжан Аркабаев өзүнүн кыргыз элине болгон кайрылуусунда билдирди.

«Садыр Жапаров жана Нобель

Саясий диссидент, милициянын полковниги Номанжан Аркабаевдин кайрылуусу.

Урматтуу Мекенчилдер!

Акыркы мезгилдеги кээ бир көйгөйлөргө карабастан, өлкөбүз акырындык менен болсо да, оңолууга багыт алгандыгы, бизге карата башка мамлекеттердин позитивдүү мамилесинин күчөп баратышы чындык. Буга өлкөдөгү коррупцияга каршы принципиалдуу күрөштүн күчөп баратышы, саясий куугунтуктун токтотулушу ж.б. көрүнүштөр далил боло алат. Мына ушул прогрессивдүү көрүнүштөрдүн демилгечиси Президентибиз Садыр Жапаров экендиги талашсыз. Ал мамлекетибизде мыйзамдуулукту орнотуу, адам укугун коргоону күчөтүү багытында соңку 15 жылдай мезгилдин ичинде башына түшкөн тозоктун оор, тирүү жан чыдагыс сыноолоруна карабастан, сыртта куугунтукта жүргөндүгүнө, чимкирик Атамбайдын түрмөсүндө отургандыгына карабастан, бул багыттагы күрөштүн башында туруп келди.

Бир кезде адам укугун коргоого өз өмүрүн арнаган, 1992-жылы апартеид режимин кулатууга жетекчилик кылган, кийинчерээк ЮАРдын Президенти болуп шайланган Нельсон Манделага 1994-жылы адам укугун коргоодогу салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Садыр Нургожоевич да Мандела баскан жолду басып өткөндүгү көрүнүп турбайбы!

Биз да, кыргыз коомчулугундагы прогрессивдүү күчтөр, чыныгы мекенчил Садыр Жапаровдун талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтсөк неге болбосун?

Садыр Нургожоевич өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз.

Урматтуу мекенчилдер, келгиле, ушул демилгени колдоп бериңиздер жана аны ишке ашырууга биргелешип аракет кылалы», - деп жыйынтыктады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости