www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулактын маал-маалы менен чуулдап турушу олуттуу оорулардан кабар берет. Бул тууралуу Express илимий басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окумуштуулар кулактын чуулдашына В12 витамининин тартыштыгы себепкер экенин айтышты.

"Бул витамин нерв системасынын ишине, канда эритроциттердин пайда болушуна жана ДНКга жооп берет. Эгер бул витамин жетишпесе, нерв клеткалары бири-бири менен жетишерлик байланыша албай, ошондон улам кулакта үндөр пайда болот", — деп айтылат макалада.

В12 витамини аз адамдын айрым учурда колу-бутунун айрым жерлери чымырап, убактылуу эч нерсени сезбей калат.

Ошондуктан, адистер өзүнөн мындай белгини байкаган бардык адамдарга колдон келишинче эртерээк дарыгерге кайрылууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости