www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

150 миңдей агартуучулар армиясын бийлик шайлоолордо гана өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жүргөнүнө баарыбыз күбө болуп келе жатабыз. Мындай пикирин бүгүн, 28-февралда журналист Сайпидин Султаналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Ким падышалык такка ээ болсо топко бөлүнүп, ажодон жашы улуулар авасы, тең курбулар аяшы, жаштары өкүл баласы боло калып колдошот.

Кай бири хан сарайга эртели кеч кирип чыккан салмаксыз көпөстөргө, кай бири «чимкирик» атыккан жепжутаттарга жан тартып, бегин да зегин да сүрөөнгө алышат. Аны менен катар ыштан көйнөгүн жуубай кийгендерди зампайгамбар тутуп ага карата каршы ой айтылса алеки заматта адам катарынан чийип, башынан ылдый «сийип» салабыз...

Бирок, эмне үчүн бардыгыңарга ак менен караны айырмалай элегиңерде адегенде арипти окутуп, анан айткан-дегенди үйрөтүп «балам, ааламда аман, чыныгы адам бол» - деп турмуштун чыйыр жолуна узаткан агай-эжекени колдой келгенде оозубузга талкан салабыз?

Интервью бергенде мамлекет башчы эле эмес 120 депутат жана башка жүздөгөн чиновниктер да мугалимдердин айлыгы канааттандырбасын айтып, аларды колдоо зарылдыгын билдиришет.

Бирок, ошолордун бири да агартуучулардын маяналарын көтөрүп коюуну каалашпайт. Кийинчерээк көтөрөбүз деген куру убада, эмчек эмизүү улана берет...

150 миңдей агартуучулар армиясын бийлик шайлоолордо гана өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жүргөнүнө баарыбыз күбө болуп келе жатабыз. Учурда социалдык тармак эбегейсиз чоң күч экенин ажолукту алганына ай айлана элек Садыр Жапаров да тастыктаган жайы бар.

40 жылдан ашык агартуу тармагында иштеп пенсияга чыккан ардагер мугалим Омор Калдарбаев Садыр Жапаровго жазган кайрылууну социалдык тармак аркылуу мектептен билим алдым эле деген миңдеген жарандар колдоп, бөлүштүргөндө жогорку жактагыларга батыраак жетмек. Мисалы, сабатсыз динчилдер кайрылуу жазса, дароо 100 миңдеген лайктар басылып, бөлүштүрүшмөк.

Ардагер агай Омор Калдарбаев тарабынан орчундуу маселе көтөрүлгөн. Тактап айтканда, мугалимердин айлыгын көтөрүүнү бачым колго алсаңыз деген өтүнүч пост жазылган. Ошол кайрылууга эки күндө отуз чакты адам гана үн кошуу аракетин жасаган.

Бул жерде агартуучулардын социалдык абалынын жакшырышына баарыбыз кайдыгер экенибизди далилдегендей эле болдук...», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости