www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районундагы бала бакчанын терезесинен баланын кулашы боюнча боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда саат 12.30дар чамасында Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан «Саламат» бала бакчасында болгон.

"Арбын айылынын 25 жаштагы тургуну төрт жаштагы баласын биринчи жолу бала бакчага алып барып, директорго өткөрүп берген. Саат 11.40 чамасында бала бакчанын 2-кабатында асынып турган баланы жолдон өтүп бараткандар байкап, баланы 67 жаштагы киши кармап алган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты маалыматты каттоо китебине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок, баланын апасы андан баш тартып, мектепке чейинки мекемеге доосу жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы бала бакчанын 2-кабатынан бала кулап кеткени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости