www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат райондук администрациясы менен Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн биргелешкен иш-мерчеминин негизинде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жашоочулар арасында  түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Коронавирус» жугуштуу илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча коомдук жайларда, эл көп топтолуучу жана эс алуучу туристтик аймактарда, сууга түшүүчү жайларда, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана социалдык аралыкты сактоо боюнча эскертүүчү тактайчалар жана жарнамалар илинүүдө.

Ишке бөлүштүрүүнүн алдында Ноокат РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйларына жана жашы жете электер боюнча милициянын инспекторлоруна, жарандар менен сылык мамиледе болуусу жана ар кандай пикир келиспештиктердин алдын алуу максатында кошумча нускамалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости