www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Германияда жайгашкан аскерлердин саны 25 миң болуп азайтыларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

15-июнда Трамп комментарий берип жатып, Берлинди НАТОнун алкагында кабыл алынган каржы милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы үчүн айыптады.

Америкалык жоокерлерди ал жакта кармоо кымбатка түшкөнүн айтты.

Муну менен өткөн аптадан бери маалымат каражаттарында тарап жаткан кабарды президент өзү бышыктады.

Германияда Европа өлкөлөрүнүн арасынан АКШнын эң чоң аскердик туруктуу контингенти жайгашкан. Алардын саны 9 жарым миңге кыскартылып, айрымдары Польшага жөнөтүлүшү ыктымал.

НАТОнун өкүлдөрү Вашингтондун мындай аракетине тынчсыздануусун билдирген. Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр америкалык аскерлер Германиядан чыгарылса, биринчи кезекте Түндүк атлантикалык альянска зыяны көбүрөк тиет деп эскерткен.

АКШдагы айрым конгрессмендер да Ак үйдүн бул кадамы Европада Орусиянын таасирин арттырышы мүмкүндүгүн билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости