www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунун Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына кулаган Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги бир кишинин сөөгү табылып, төрт жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалымат боюнча, окуя 14-сентябрда Ак-Терек — Папан — Кожокелең жолунда болгон. Машинанын ичиндеги үч адамдын бирөө тирүү калып, 64 жаштагы киши менен төрт жаштагы бала көз жумган.

"Кечээ, 17-сентябрь күнү, ӨКМдин 19 куткаруучусу тартылып, түштөн кийин эркек кишинин сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп берди", — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Министрлик бүгүн кичинекей баланын сөөгүн издөө иштери улантыларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости