www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-сентябрда Бишкек шаар соту "Вефа" соода борборунун имаратын камакка алуу жөнүндөгү Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча доо арызды карап, анын айрым бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилди.

Бишкек шаар сотунун чечимине ылайык, "Вефа" соода борборунун имараты камакта кала берет. Бирок андагы ижарачыларга ишин улантууга уруксат берилди.

Эске салсак, 7-сентябрь күнү Биринчи Май райондук соту «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына борбордогу кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган. Буга нааразы болгон ижарачылар апелляциялык арыз менен Бишкек шаар сотуна кайрылышкан.

«Вефа» соода борборуна ээлик кылган «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен үч жылдан бери соттошуп келет. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда.

Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына байланыштуу иш райондук, шаардык сотто каралган. Жогорку сотко эки жолу барып, кайра артка кайтарылган. Ал эми Түркиялык «Өзгүн Иншаат» компаниясы 2016-жылкы соода борбору алды-сатты келишими мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости