www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19дун күчөп кетишине каршы пайдаланылган азитромицин антибиотигин бир катар башка дары-дармектер менен чогуу ичкен маалда жүрөк кармап калышы мүмкүн. Бул тууралуу JAMA Network Open илимий журналындагы макалага таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Иллинойс университетинин (АКШ) окумуштуулары коронавируска кабылган 44 миллион бейтаптын ден соолугун изилдеп чыгышкан. Ал үчүн адистер амоксициллин жана азитромицин ичкен адамдарды эки топко бөлүп карашкан.

"Иликтөөнүн натыйжасында азитромицин пайдаланып жаткан адам кан басымын нормалдаштыруучу, безгекке, депрессияга каршы же ооруну басаңдатуучу күчтүү препараттарды кошо ичкен маалда жүрөктүн иштеши 40 пайызга бузулганы аныкталды", — деп айтышкан адистер.

Ошондой эле, АКШлык окумуштуулар COVID-19га каршы хлорохин, гидроксихлорохин сыяктуу дары-дармектер дагы жүрөктүн ишине тоскоолдук алып келерин айтышкан.

Булак:NazarNews.kg


 

Последние новости