www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунун Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал аймагындагы жайыт жер тилкесинин мыйзамсыз ээлеп алынган факт аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, жаран Ж.Э. мыйзамдарда каралган тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, жайыт жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алып, курулуш объектилерин тургузган жана жер кыртышын бузган. Мыйзам бузуу фактыларын жоюу тууралуу берилген эскертүүлөргө карабастан, мыйзамсыз курулуш иштерин уланткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкесин бошотуу жана мыйзамсыз курулган объектилерди буздуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн. Кабыл алынган чаралардын мыйзамдуулугу прокуратура органдарынын көзөмөлүндө.

 

Последние новости