www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктаган 20 жаштагы жаран күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облустук соту кабарлады.

Маалыматка ылайык, чечимди Ноокен райондук соту 16-июнда чыгарган. Анда айыпталуучу А.А.нын жактоочусу бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек.

Буга чейин Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости