www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасында жарандарды кабыл алууда. Бул унаа милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындан ары да жакындатууга жана жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алуу үчүн кызмат кылат. Ноокен РИИБдин кызматкери, милициянын капитаны Замирбек Нарбаевдин уюштуруусу менен 2020-жылдын 9 айында жалпы 74 арыз-даттануу бул унаада кабыл алынып, тиешелүү тараптарга жеткирилген.

Милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу профилактикалык иштер да жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери район аймагындагы алыскы айылдарга чейин барышып, коронавирустун алдын алуу жана сактануу жолдору жарандарга түшүндүрүлүп жатат. Жергиликтүү тургундарга азыркы кырдаал туура багытта жеткирилип, жугуштуу илдеттен коргонуу зарылдыгы эскертилүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.




 

Булак: NazarNews. kg

 

 

Последние новости