www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара менен кармалган Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев үй камагына бошотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Мындан тышкары, сот райондук прокурордун орун басары Акылбек Мойдуновго карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Эске салсак, 11-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев жана анын орун басары Акылбек Мойдунов кармалган.

Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен тымызын сүйлөшүп алып, туруктуу негизде тигил же бул процесстик чечимдерди кабыл алуу үчүн кылмыш иши козголгон адамдардан акча талап кылып, акча алып турушкандыгы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости