www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө булгаары жана бут кийим өнөр жайын колдоо боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта ЕЭКтин кеңеши бир катар химиялык өнөр жай товарлары боюнча бажы төлөмүн алып салуу токтомун чыгарганы айтылат.

"Атап айтканда, мындан ары эфирдик спирт, танниндер жана биринчи формадагы полиуретандарга бажы төлөмү алынбайт. Мурдараак ГЭК коллегиясы боёк, лактарга, булгаары жасоого ылайыкталган даяр суу пигменттери жана булгаары бут кийим өнөр жайы үчүн колдонулган каражаттарга бажы коюмун азайткан", -  деп айтылат билдирүүдө.

Аталган чаралар тери, булгаары буюмдарын жана бут кийим өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталганы кабарланды.

Белгилей кетсек, ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости